Кыргызстандын маморгандары март айында гүл алууга канча акча коротот. Тизме

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПродажа цветов накануне 8 марта
Продажа цветов накануне 8 марта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң аз дегенде төрт маморган мартта гүл сатып алууну пландап жатат. Алардын бардыгы мамлекеттин акчасына алынат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бир нече мамлекеттик орган мартта гүл сатып алууну пландап, тийиштүү тендер мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталына жарыяланды.

Каржы министрлиги гүл сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен 250 миң сом сарптоого даяр. "Гүл продукциялары" аталышындагы тендер 1-мартта жарыяланып, мөөнөтү 5-мартта аяктай турганы жазылган. Министрлик кыска мөөнөттүн ичинде тапшырыкты аткара ала турган салонду издейт.

"Гүл салондору шаардын борборунда болгону жакшы, ошондой эле флористика боюнча сертификаты болушу кажет. Дизайнердин тажрыйбасы 5-6 жылдан кем болбошу зарыл. Андан сырткары, букеттерди жана гүл чамбарларды тапшырык боюнча кыска мөөнөттө жасай алышы керек", — деп тендердин түшүндүрмөсүндө жазылат.

Кара-Балта шаарынын мэриясы 57,5 миң сомго гүл сатып алууну пландап, ага да акча жергиликтүү бюджеттен төлөнөт. 1-мартта жарыяланган тендердин мөөнөтү 5-мартта аяктайт. Шаар жетекчилиги 2 250 сомго 10 букет, ар бири 500 сомдон болгон хризантема гүлүн, 150 гвоздика, 50 роза жана башка гүлдөрдүн эки букетин сатып алат.

Жоогазындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: жаз келери менен борбор калаа гүлгө оронот
Коргонуу боюнча мамлекеттик комитети дагы 1-мартта 22,7 миң сомго жоогазын гүлүн сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Мөөнөтү 5-мартта аяктайт. Тендердин түшүндүрмөсүндө жоогазындын узундугу 40 сантиметрден кем болбошу керекти, ошондой эле майрамдык атайын кагаздарга оролушу кажет экени жазылган.

Кыргызпатент мекемеси да 18 миң сомго 150 роза сатып алуу үчүн 1-мартта тендер жарыялаган, мөөнөтү 9-мартта аяктайт. 60 сантиметр узундуктагы Голландия сортундагы розалар болушу шарт.

Гүлдөр эмне үчүн сатып алынып жатканы тендердин түшүндүрмөлөрүндө жазылган эмес.

Кайсы гүлдү кайсы учурда билүү керектигин билесизби? Уят болбой эсиңизге сактап алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0