Айбек Калиев: CASA-1000 долбооруна толук катышуу үчүн үч ГЭС оңдолуп жатат

Жазылуу
Токтогул, Ат-Башы жана Үч-Коргон ГЭСтери толук кандуу иштесе, Кыргызстандын CASA-1000 долбоорунун алкагында жай мезгилинде электр энергиясын эч тоскоолдуксуз экспорттой алат

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. CASA-1000 долбоорундагы милдеттемелерди толук кандуу аткаруу үчүн Кыргызстан үч ГЭСти жаңылап жатат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Былтыркы жылдын июль айында америкалык General Electric корпорациясы менен Токтогул ГЭСин реконструкциялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Азыркы иш пландар боюнча аталган ГЭС толугу менен 2022-23-жылга чейин оңдолуп бүтөт. Андан арткан акчага Үч-Коргон ГЭСин жаңылайбыз. Ошондой эле ушул тапта Ат-Башы ГЭСин оңдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө", — деди Калиев.

Глава Нацэнергохолдинга Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан
Айбек Калиев менен ТЭЦ жетекчиси канча маяна алары айтылды
Анын айтымында, аталган ГЭСтер толук кандуу иштесе Кыргызстандын CASA-1000 долбоорунун алкагында жай мезгилинде электр энергиясын эч тоскоолдуксуз экспорттой алат.

CASA-1000 долбоору Борбор Азиядан (Кыргызстан, Тажикстан) Түштүк Азия мамлекеттерине жай айында 1300 МВт электр энергиясын сатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Долбоор аяктагандан кийин электр энергиясы 470 чакырымдагы жогорку чыңалуудагы линия аркылуу Кыргызстандан Тажикстанга өтөт. Андан ары электр энергиясы Афганистан менен Пакистанга кетет. Долбоордун алкагында 750 чакырым жогорку чыңалуудагы электр линиясы курулат. Ал 2016-2020-жылдары ишке ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0