Ош шаарында 7000 кишини иш менен камсыздоочу тигүү фабрикасы курулат

Жазылуу
Шаар башчысы мэриянын негизги багыттарынын бири шаардыктарды жумуш менен камсыз кылуу экендигин баса белгиледи

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Ош шаарына текстиль фабрикасын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында Кең-Сай массивинен 25 гектар жер бөлүнгөнүн калаа мэри Айтмамат Кадырбаев аталган айылга барганда билдирди.

Шаар башчысы мэриянын негизги багыттарынын бири шаардыктарды жумуш менен камсыз кылуу экендигин баса белгилеп, быйыл өлкө башчысы тарабынан Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын, "Жаңы доорго кырк кадам" долбоору кабыл алынганын эске салды.

"Анын алкагында жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча иш алып баруу аракетинде инвесторлорду тартып жатабыз. "Кыргыз Текстиль ЛТД" ЖЧКсы тарабынан Ош шаарына текстиль фабрикасын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында Кең-Сай массивинен 25 гектар жер бөлүп бердик. Бул кадам келечекте жети миң шаар тургунун жумуш менен камсыз кылат", — деди Кадырбаев.

Мэрдин айтымында, тигүү фабрикасына кошумча жумушчулар үчүн социалдык объектилер жана жатакана курула тургандыгы пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0