Бириккен Араб Эмиратына туризм тармагында кызматташуу сунушталды

© AFP / PATRICK BAZВид на туристический отель в Дубае
Вид на туристический отель в Дубае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапар Исаков Мохамед Али Алаббарды сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган Көчмөндөрдүн III Дүйнөлүк Оюндарынын ачылыш аземине ардактуу конок катары чакырды

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Дубай шаарындагы (БАЭ) өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында Emaar Properties компаниясынын башчысы, негиздөөчүсү, Дубайдагы эң бийик "Бурж Халифа" имаратынын  куруучусу Мохамед Али Алаббар менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сапар Исаков КР өкмөтү тарабынан өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун күчөтүү, жеке менчикти коргоо жана инвесторлор үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча жигердүү чаралар жүрүп жатканын белгиледи.

"Премьер-министрдик кызматымдагы алгачкы чечимдердин бири инвестицияларды тартууга жооптуу органдын макамын жогорулатуу болду. Эми инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо боюнча агенттик түздөн-түз премьерге баш ийет жана инвесторлордун көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биз өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырган бир катар мыйзамдарды кабыл алдык", — деди өкмөт башчы

XIX Всемирный фестиваль молодежи и студентов. День второй - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Дубайда өтчү "ЭКСПО-2020" көргөзмөсүнө даярдыгын баштады
Исаков ошондой эле "Жаңы доорго 40 кадам" программасы боюнча маалымат берип, андагы эки негизги багыт бизнести өнүктүрүүгө багытталганын баса белгиледи. 

Премьер ошондой эле компаниянын жетекчисине туризм тармагына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, Кыргызстан 45 мамлекетке визасыз режим киргизгенин кошумчалады.

Мохамед Али Алаббар өз кезегинде Кыргызстанда демократиялык өзгөрүүлөр, бийликтин алмашуу процесси жүрүп, экономиканын өнүгүшү, бизнестин колдоого алынгандыгы байкалып жаткандыгын белгиледи.

"Кыргызстандын абдан тез өнүгүшүнө мен ишенем, анткени, сиздерде жакшы лидерлер жана аябай эмгекчил жарандарыңар бар", — деди Али Алаббар. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Сапар Исаков Мохамед Али Алаббарды сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган  Көчмөндөрдүн III Дүйнөлүк Оюндарынын ачылыш аземине ардактуу конок катары чакырды.

Маалымат үчүн: Emaar Properties компаниясы Бириккен Араби Эмирлигинде 1997-жылы негизделген. Компания негизинен Персид булуңунун аймагындагы  (Айрыкча Дубай жана Абу-Даби шаарларында) курулуш долбоорлорун инвестициялоо менен алектенет. Анын түрдүү курулуш долбоорлоруна ээлик кылган 60 ашык туунду компаниялары бар. Дубай шаарында аталган компания 14 000 миңден ашык имаратка ээлик кылат.

Исаковду Дубайга коштоп баргандардын тизмеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0