Декабрь менен январь үчүн жылуулук төлөмүндөгү аз айырманын себеби түшүндүрүлдү

Жазылуу
Бишкек ТЭЦиндеги авариядан улам жылуулук үчүн төлөм кайта эсептелип чыккан

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Декабрь жана январь айларына чыгып келген жылуулук үчүн төлөм айырмаланбай турганынын себебин "Бишкекжылуулуктармактары" ААКтын башчысы Эркин Абдыкалыков маалымат жыйында айтып берди.

Бишкек ТЭЦиндеги авариядан улам жылуулук үчүн төлөм кайта эсептелип чыккан. Шаардыктар 27-январдан 31-январга чейинки беш күн жана февралдын алгачкы эки күнү үчүн ысык суу менен жылуулукка акча төлөбөйт. Бирок айрым шаардыктар жылуулук үчүн чыгып келген эсепке нааразы болуп, декабрга караганда январга көп акча чыкканын билдиришкен.

"Декабрь менен салыштырган туура эмес. Анткени январда күн суук болду, ал дагы таасирин берет. Ошондуктан кайра эсептөөгө карабай айырма бир аз эле болуп жатат", — деди Абдыкалыков.

Сууктун күнү үйдү оңой жол менен кантип жылуулоо керектигин билип алуу ашыктык кылбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0