Суукта көмүрдүн баасы көтөрүлдүбү? Монополияга каршы агенттик эскертүү берди

© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской областиПродажа угля в Нарынской области
Продажа угля в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызгидромет өлкө аймагында катуу суук болорун айтып, шашылыш билдирүү тараткан

Алдыңкы төрт күндө суук улам ашынып, кээ бир аймактарды туман каптап, кар жаай тургандыгын ӨКМ маалымдады. Учурдан пайдаланып көмүр алып саткан ортомчулар кара алтындын баасын дароо көтөрүп жибердиби же жокпу? Sputnik Кыргызстан иликтеп көрдү.

Архив: Уголь - Sputnik Кыргызстан
Кызыл кулактарга алданбагыла! Өкмөт көмүрдүн чекене баасын аныктады
Ноябрь айында өкмөт өлкө аймагында кара алтындын баасын үч ай бою жөнгө салып туруучу токтомго кол койгон. Мындан улам Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги ар бир облустун райондорунда, Бишкек жана Ош шаарларында көмүрдүн сортуна карап чекене баасын чыгарган

Бирок Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жерлеринде коюлган нарк боюнча эмес, андан кымбатыраак сатып жаткандар бар экен. Алсак, "Кара-Кече" тандалма көмүрүнүн бир тоннасы 4000 сомдон сатылышы керек болсо, ортомчулар аны 4500 сомго баалап жатышыптыр. Ал эми 3900 сомдон сатылчу "Шабыркөл" көмүрү 4700 сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Ошондой эле "Кара-Кече" көмүрүнүн бир кабы 220 сомдон, "Шабыркөлдүкү" 250 сомдон бааланып жатканын байкадык. Ал эми ТЭЦтин базасында "Шабыркөлдүн" тоннасы 3900 сомдон сатылса, "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасын 3300 сомдон алса болот.

Бирок ортомчулар базадагы көмүргө майдалары көп кошулуп сатыларын айтышты.

"ТЭЦтин базасындагы көмүргө сөзсүз майдаларын кошуп сатып жиберишет. Ошондуктан алардыкы арзан. Ал эми биз жалаң тандалма сортун сатабыз", — деди кара алтын саткандардын бири.

Мындай көрүнүштү учурда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көзөмөлдөп, текшерип жаткан учуру. Андыктан кокус кардарлар көмүрдүн баасын көтөрүп саткандарга туш болуп калса агенттик тынымсыз байланышта экенин жана төмөнкү номерлерге кабарлап коюусун өтүндү.

Бишкек шаары
0 (312) 66 14 15, Whatsapp номери 0 (700) 088 857

Ош шаары
0 (3222) 2 02 89, Whatsapp номери 0 (555) 841 919

Чүй облусу
0 (312) 62 17 23, Whatsapp номери 0 (707) 152 888

Ош облусу
0 (3222) 5 50 97, Whatsapp номери 0 (777) 777 652

Ысык-Көл облусу
0 (3922) 3 18 86, Whatsapp номери 0 (773) 833 244

Нарын облусу
0 (3522) 5 14 93, Whatsapp номери 0 (707) 855 515

Талас облусу
0 (3422) 5 21 25, Whatsapp номери 0 (556) 708 210

Жалал-Абад облусу
0 (3722) 7 02 23, Whatsapp номери 0 (772) 256 267

Баткен облусу
0 (3622) 5 04 50, 0 (773) 640 157

Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көмүр алып саткандарга бааны көтөрүп жибербөөнү эскерткен. Эгер мындай учур катталса сатуучуларга айып пул салынмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0