Исаков ири компаниялардын өкүлдөрүн КРге инвестиция салууга чакырды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевУчастие Сапара Исакова во Всемирном экономическом форуме в городе Давос (Швейцария)
Участие Сапара Исакова во Всемирном экономическом форуме в городе Давос (Швейцария) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапар Исаков баштаган Кыргызстандын делегациясы Давостогу экономикалык форумга катышууда

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында бир катар ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, премьер ири беш компаниянын жетекчилери жана өкүлдөрү менен пикир алышкан. Анда Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу жана инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири айтып берди.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сапар Исаков Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында бир катар ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту
Премьер-министр Сапар Исаков Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында бир катар ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
1/3
Премьер-министр Сапар Исаков Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында бир катар ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер ири беш компаниянын жетекчилери жана өкүлдөрү менен пикир алышкан
Премьер ири беш компаниянын жетекчилери жана өкүлдөрү менен пикир алышкан - Sputnik Кыргызстан
2/3
Премьер ири беш компаниянын жетекчилери жана өкүлдөрү менен пикир алышкан
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАнда Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу жана инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири айтып берди.
Анда Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу жана инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири айтып берди. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Анда Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу жана инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири айтып берди.
1/3
Премьер-министр Сапар Исаков Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында бир катар ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту
2/3
Премьер ири беш компаниянын жетекчилери жана өкүлдөрү менен пикир алышкан
3/3
Анда Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу жана инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири айтып берди.

Тактап айтканда, дүйнөлүк энергетикалык кеңештин төрагасы, "Дэсун" (Daesung) компаниясынын төрагасы жана аткаруучу директору Ким Ён Сун, Дубай инвестициялык корпорациясынын (ICD) жетекчиси, Fly Dubai, Emirates Airline авиакомпанияларынын ээси Мухаммед Аль Шайбани, ICD улук кеңешчиси Чан Сун Ён, Sahara Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы аткаруучу директору Тони Коул жана "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун төрагасы Ави Глазер менен жолугушкан.

"Инвестицияларды тартуу өкмөттүн негизги милдеттеринин бири. Анын натыйжасында кошумча жумушчу орундары түзүлүп, узак мөөнөттүү экономикалык өсүш үчүн негиз түзүүгө мүмкүндүк берет. Биздин өлкөгө мындай деңгээлдеги ири компаниялардын келиши Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө түрткү берет. Биз кызыкдар инвесторлорго колдон келген көмөк көрсөтүүгө даярбыз", — деди өкмөт башчы.

Исаков КР өкмөтү азыркы учурда 2018-2023-жылдарга "Жаңы доорго кырк кадам" орто мөөнөттүү Программаны ишке ашырып жатканын, андагы эки негизги багыт бизнести өнүктүрүүгө байланыштуу экенин белгиледи.

Презентация компании Huawei Technologies в Париже - Sputnik Кыргызстан
Huawei Кытайдын аскери менен байланыштабы? "Акылдуу шаар" курчу ишкана тууралуу
Ошондой эле Кыргызстанда инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, инвестициялык визаны алуу үчүн өлкөнүн экономикасына кошкон салымдын босого суммасы 500 миң доллардан 145 миң долларга (10 миллион сомго) төмөндөтүлгөндүгүн маалымдады. Андан тышкары, инвестициялык ишмердүүлүктү жүргүзүүнү жеңилдетүү максатында учурда "Инвестииялар жөнүндө" жана "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" негизги мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

"Кыргызстан – либералдык салык режими бар мамлекет, өлкөдө электр энергиясына карата тарифтер дагы төмөн, капиталдын жана акча каражаттардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылган либералдуу валюта режими иштейт", – деди Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
КР 20 жылдан бери биринчи жолу Швейцариядагы форумга барды. Сапар Исаковдун сөзү
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өкмөт башчы гидроэнергетикалык, тоо-кен, ошондой эле туризм, өлкөнү санариптештирүү долбоорлоруна инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууларын сунуштады.

Андан сырткары, сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүчү Көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына конок иретинде катышып кетүүгө чакырды.

Кыргызстан Давостогу бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга 1998-жылдан бери биринчи жолу катышууда. Быйыл аталган форумга премьер-министр Сапар Исаков баштаган делегация барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0