Багы ачылабы? MegaCom компаниясын сатып алууну каалагандар пайда болду

© Фото / официальный сайт MegaComMegaCom компаниясынын имараты. Архив
MegaCom компаниясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин компанияны сатуу боюнча бир нече аукцион өткөрүлгөн, бирок ар кандай себептер менен өтпөй калып жаткан

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Альфа Телеком" жоопкерчилиги чектелген коомун сатып алууга сунуш түшкөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун маалымат кызматынын өкүлү Махабат Мансурова билдирди.

Анын айтымында, сунуш үстүбүздөгү жылдын 9-январында "АКА минералз энд майнинг" жоопкерчилиги чектелген коомунан түшкөн.

"Негизи MegaCom компаниясы 13 миллиард 500 миллион сомго бааланган. Бирок аталган компания канча сунуштай турганы азырынча белгисиз. Себеби алар эми гана "презентация өткөрүп компания менен жакындан тааныштыргыла" дешти. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Мансурова.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, "АКА минералз энд майнинг" компаниясы 2014-жылдын 13-октябрында кайрадан каттоодон өткөн. Ал "АКА Петролеум" ЖЧКсы менен Касым Курбанов аттуу жаранга таандык экени жазылган. Ошондой эле компания жаратылыш минералдарын жана тоо тектерин казуу менен алектенери көрсөтүлгөн.

Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Керек учурда далбастап... Ошко жаңы аэропорт курууга инвестор табылабы деги?
100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү болгон уюлдук оператор аукционго 2016-жылы февралда 19 миллиард сомдук баа менен коюлуп, бирок сатылган эмес. Кайра май айында аукционго чыгарылып, арыз келип түшпөгөндүктөн кийинкиге калган. Анын айынан ошол убакта Мамлекеттик мүлк фондусун башкарып жаткан Алмаз Кадыркулов кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Кийинки аукцион декабрга пландалып, уюлдук оператор 14 миллиард 255 миллион 250 миң сом деп бааланган. Ал аукцион да ишке ашпай калган.

2017-жылдын июнь айына кезектеги аукцион белгиленип, компаниянын баштапкы баасы 13,5 миллиард сом деп бааланган. Бирок аукционго катышуу үчүн бир дагы арыз түшкөн эмес.

Ал эми сентябрдын аягында аталган уюлдук компанияны сатып алуу ниетин РФ жараны Елена Нагорная билдирген. Россиялык ишкер айымдын койгон талаптары эрежелерге туура келбегендиктен ага да сатылбай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0