Абдыгулов: Кыргызстанда 3 жылдын ичинде платина жана күмүш куймалары пайда болот

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЕкатеринбургский завод по обработке цветных металлов
Екатеринбургский завод по обработке цветных металлов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда алтын куймаларга инвестиция жасаса болот. 2,5 жылдын ичинде эл 185 килограмм алтын сатып алган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Эки-үч жылдын аралыгында платина жана күмүш куймаларын чыгаруу пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымына караганда, буга чейин Улуттук банк күмүш жана платина куймаларын калк үчүн чыгарууну пландаган. Бирок кризис жаралып суроо-талап жок болуп калган.

"Кризис аяктаса Улуттук банк мурдагы идеяга сөзсүз кайтат. Оюмча бул нерсе 2-3 жылдын ичинде болот", — деди Абдыгулов.

Ал ошондой эле 2015-жылы алтын куймалар чыгарылып, калк 185 килограмм сатып алганын эскертип өттү.

Нью-Йорк биржасындагы баалуу металлдын 1 унциясы (31,1 грамм): алтын —1335,4 доллар, платина — 1002,5 доллар, күмүш — 17,1 доллар.

Жаңылыктар түрмөгү
0