Кыргызстан К4 жана К5 классындагы бензинге өтөт. Артыкчылыгы эмнеде?

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРост цен на бензин в России
Рост цен на бензин в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБ талаптарына ылайык, мындан ары Кыргызстан менен Казакстанда К3 классынан төмөн болгон күйүүчү жана майлоочу майды сатууга тыюу салынат

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстанда быйыл 1-январдан тарта чекене сатылып жаткан бензин жана дизель майлары К4 жана К5 экологиялык классына жооп бериши керек. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындай күйүүчү майлар абага зыяндуу заттарды көп чыгарбайт. Мисалы К3 экологиялык классы менен К4 классындагы майды салыштырганда бензиндин курамындагы күкүрттүн курамы үч эсе аз. Ал эми К5 классындагы бензинде 15 эсе аз болот.

Экологиялык класстагы күйүүчү майлардагы күкүрттүн курамы:

К3 — бир килограммга 150 миллиграмм туура келет;

К4 — бир килограммга 50 миллиграмм туура келет;

К5 — бир килограммга 10 миллиграмм туура келет.

Работа заправочной станции Газпромнефть в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: Кыргызстан K4 жана K5 класстагы бензинге бир жылдан кийин өтөт
Ошентип 2017-жылдын 31-декабрында ЕАЭБдин "Автоунаа жана авиациялык бензинге болгон талап жөнүндөгү" техникалык регламентинин өткөөл жобосу аяктаган.

Арменияда, Белоруссияда жана Россияда К5 классындагы бензинге өтүү 2016-жылдын 31-декабрында аяктаган. Ал эми К5 экологиялык классындагы дизелдик майга өтүү 2015-жылдын 31-декабрында жыйынтыкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0