Евробиримдик билим берүүнү өркүндөтүү үчүн Кыргызстанга 10 млн. евро берди

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүЦентральный европейский банк
Центральный европейский банк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грантка окуу китептерин сатып алуу, Кыргызстандын бардык мектептерине интернет орнотуу жана мектепке чейинки билим берүүнү каржылоо каралган

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Европа биримдиги Кыргызстандагы билим берүү тармагын колдоо үчүн 10 миллион евро бөлгөнүн Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул каражат 2017-жылы 30-декабрда Финансы министрлигинин эсебине келип түшкөн. Программанын алкагында Европа биримдиги кыргыз өкмөтүнө 2020-жылга чейин билим берүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн жардам иретинде 36 миллион евро бөлөт.

"Грант катары бөлүнгөн бул каражатка окуу китептерин сатып алуу, Кыргызстандын бардык мектептерине интернет орнотуу жана мектепке чейинки билим берүүнү каржылоо каралган", — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү тармагын өнүктүрүү стратегиясында жалпы жана кесиптик-техникалык билим берүү системасын реформалоо каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0