Улуттук банк сомдун куну былтыр кандай өзгөргөнүн маалымдады

Жазылуу
Интервенция аркылуу банк валюта рыногундагы кескин өзгөрүүлөрдү жөнгө салып турат

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Былтыр Улуттук банк валюта рыногуна 80 миллиондон ашык доллар саткан. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалат.

Тигүү цехи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кайсы тармакта ишкердик кылуу кирешелүү. Рейтинг
2017-жылдын 1-январында бир доллар 69,23 сомду түзгөн. Ал эми апрель айынын аягында 67,13 сом болуп, 31-декабрда 69,83 сомго чейин жеткен. Башкача айтканда бир жылда доллар 60 тыйынга кымбаттаган.

Улуттук банк былтыр валюта рыногунан 34,5 миллион долларды сатып алып, чет элдик валютанын баасы кымбаттап баштаганда 81,5 миллион долларды сатыкка чыгарган.

Кыргызстанда валютанын наркы талап менен сунуштун деңгээлине жараша аныкталат. Улуттук банк валюталык резервдин эсебинен кескин өзгөрүүлөрдү жөнгө салып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0