Кыргызстан тышкы карыздан кантип кутулат? 2018-жылы эле 13 млрд. сом төлөө керек

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр өлкөнүн ички жана тышкы карызы 4 миллиард 357 миллион долларды түзөт. Анын 3 миллиард 958 миллиону (90,8 пайыз) — тышкы, 399 миллион (9,2 пайыз) доллары — ички бересе.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кант арзандап, бензин кымбаттады. Жыл ичинде Кыргызстанда жашоо кандай өзгөрдү?
Кыргызстан тышкы карызына 2018-жылы 13 миллиард 81 миллион сом төлөшү керек. Бул көрсөткүч 2019-жылы — 15,8 миллиард, 2020-жылы — 17,7 миллиард сомго чейин жетет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Негизинен Кыргызстандын 23 өлкө жана эл аралык уюм алдында бересеси бар. Алардын ичинен эң ири каражатты Кытай Эксимбанкы, Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондусу берген. Каржы министрлигинин акыркы үч жыл ичинде кимге канча карыз кайтарыла тургандыгы тууралуу маалыматына караганда, үстөк пайызын кошкондо Кытай Эксимбанкына — 15, Азия өнүгүү банкына — 8, Дүйнөлүк банкка — 7, Эл аралык валюта фондусуна — 5 миллиард сомдон төлөнүүсү зарыл.

Тышкы карызды төлөөнүн эң жогорку көрсөткүчү 2025-2029-жылдарга туш келет экен. Өкмөттүн божомолу боюнча 2025-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 151 миллиард сомду түзсө, анын 24 миллиарды, тагыраагы 16 пайызы карыздан кутулууга төлөөгө кетет.

Белгилей кетсек, акыркы беш жыл ичинде Россия Федерациясынын алдындагы карыздардын көпчүлүк бөлүгү жоюлду. 2012-13-жылдары Россиянын өкмөтү ар кандай макулдашуулардын незинде Кыргызстанга берген карызынын ичинен 677,8 миллион долларын жокко чыгарган.

"Былтыркы жана быйылкы жылдары 60 миллион доллар эсептен чыгарылып, 2017-жылдын 30-мартындагы маалымат боюнча 240 миллион доллар карыз калган", — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы доллар куну боюнча божомол. 2018-жылы эмнеге даяр бололу?
Бул сумманы дагы биротоло жоюу максатында кыргыз тарап Россия президенти Владимир Путинге өтүнүч менен кайрылган. Ал эми РФтин Финансы министрлиги суранычты аткарууга даяр экенин билдирип, ушул жылдын 30-мартында Кыргызстанга карызды кечүү протоколунун долбоорун жиберген.

Аны кыргыз парламенти жактырып, эми Россиянын Мамлекеттик Думасынын кароосунда турат. Ал документке кол коюлса эле Кыргызстандын 240 миллион доллар карызы толугу менен кечирилет.

Адистердин айтымында, бул сумма тышкы карыздын 3,8 пайызын түзгөндүктөн, бюджетке бир аз да болсо жеңилдик болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0