БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик органдарга дарыялардын нугундагы, же жээктериндеги, ошондой эле башка көлмөлөрдүн аймагындагы кендерге лицензияларды берүүгө тыюу салуу жана мурда берилген лицензияларды кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү туурасында тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы дарыя нугундагы кенди казуу экологияга, экономикага жана өлкөнүн улуттук коопсузудугуна коркунуч жаратып жатса, иштер улантылбашы керек деп белгиледи.
Мындай чечим айлана-чөйрөгө, калктын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле дарыянын нугундагы, жээктериндеги жана башка көлмөлөрдөгү кендерди иштетүүдөн адам өмүрүнө болгон коркунучка жол бербөө үчүн кабыл алынды.
Исаков өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин өз учурунда жүргүзүүнүн, анын ичинде Чу дарыясынын нугу боюнча жээктерди бекемдөө иштеринин маанилүүлүгүн буга чейин эле белгилеп келген. Тийиштүү мамлекеттик органдарга Чу дарыясынын жээгинде кум жана таш казуу менен алектенген компанияларга уруксаат берүүчү документтерге көзөмөлдү күчөтүү, зарыл учурда лицензиясын алып салууга чейин чара көрүү тапшырмасы берилди.