"Ташкент — Балыкчы" каттамы боюнча поезд жүрөт

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылдан тарта поезд жумасына бир жолу каттап турат

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. "Ташкент — Балыкчы" каттамы боюнча поезд жүргүзүү макулдашылды. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" мамлекеттик ишканасынын сайтында маалымдалат.

Ага ылайык, бул долбоор Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин макулдашуусун ишке ашыруу максатында жасалууда.

"Кыргызтемиржолу" ишканасы казак жана өзбек кесиптештери менен жаңы каттамды макулдашты. Өзбек темир жолунун поезди 2018-жылдын жай айынан тарта жумасына бир жолу каттайт.

Учурда расписание менен жол кире акысы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0