Россия Кыргызстанда ГЭС куруу маселесине чекит койгон жок

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүГЭС куруу иштери. Архив
ГЭС куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россия Кыргызстанда энергетикалык эки ири долбоорду ишке ашырууну пландаган

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Россия Кыргызстанда ГЭС куруу боюнча маселеге чекит койбогонун Россия өкмөтүнүн башчысынын орун басары Аркадий Дворкович бүгүн "Ала-Арча" резиденциясында айтты.

Учурда Бишкекте Кыргыз-орус регионалдык VI конференция өтүп, ага мамлекеттик органдардык өкүлдөрү менен ишкерлер катышып жатат.

Конференцияда Дворкович Россия энергетика мунай жана отунду эле бербестен, мунайгаз жана энергетика тармагында инвестициялык долбоорлорду иштетүүгө ниеттенип жаткандыгын айтты.

Sputnik Кыргызстан сөз кайсы долбоорлор туурасында жүрүп жаткандыгына кызыкты.

"Отун-энергетикалык комплексине келе турган болсок, мунай компаниялары Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, кайра иштеп чыгуучу кубатын жаңылоого кызыкдар. Ал эми электр энергиясы боюнча биз өзүнчө долбоорду баштадык. Алгачкысы ийгиликтүү болбой калганы бул теманы жаап салдык дегендик эмес. Тиешелүү шартта продукцияны сата турган рынок пайда болгондо бул долбоорлорду кайрадан жаңыласа болот, ", — деди Дворкович.

Кеп Жогорку-Нарын каскаддарындагы ГЭСтерди куруу боюнча болуп жатабы деген суроого ал "бул келечектүү жалгыз долбоор эмес" деген деп жооп берди.

Конференцияны "Росконгресс" уюштуруп жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосу аталган иш-чаранын маалыматтык өнөктөшү болуп саналат

Жаңылыктар түрмөгү
0