Кыргызстан менен Өзбекстан темир жол курууну 25-декабрда сүйлөшөт

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча маселени талкуулашты.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан темир жол куруу долбоору боюнча биргелешип иштемекчи. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков Ташкенттеги расмий иш сапары учурунда айтты.

13-декабрда Ташкентке расмий иш сапар менен барган Жээнбеков Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев менен кеңири жана тар чөйрөдө жолукту. Андан соң мамлекеттердин башчылары журналисттер үчүн биргелешкен билдирүү жасашты.

"Темир жол куруу долбоору боюнча жумушчу топтор 25-декабрда жолугат. Бүгүнтөн тарта эле биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштүк линияны жөнгө салуу боюнча келишимдердин ишке ашып бара жатканын байкоого болот", — деди Жээнбеков.

Ознакомление с деятельностью горнодобывающей компании Kumtor Gold Company Сапаром Исаковым - Sputnik Кыргызстан
Исаков: "Кумтөр" боюнча популисттик чечим кабыл алгым келбей жатат
Мамлекет башчы темир жол куруу өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн арттырып, негизинен транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү шарттайт.

Жээнбеков аны менен катар эле Ош, Жалал-Абад жана Баткенди коңшу Өзбекстан менен байланыштырган жүргүнчүлөр каттамын кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Кытайды Борбор Азия мамлекеттери менен байланыштыра турган темир жол куруу долбоору 20 жылдан бери талкууланып келет. Бир нече багыттар, анын ичинен Кытайдан Өзбекстанга, Түркмөнстан, Иранга кетип, андан ары Түркиядагы портторго жетип, андан ары деңизге чыгуу каралган. Тараптар жолдун туурасы, тагыраагы колеясы, тагыраагы наркы боюнча талаштуу маселеге келип такалып калган. Жетүүгө кыйыныраак болгон тоолор аркылуу өтүүдө суроо жаралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0