00:41 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Темир жол. Архив

Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолун куруу келишимине жайында кол коюлат

© Sputnik / Стрингер
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
147 0 0

Кытай менен Борбор Азияны байланыштырган темир жолду куруу долбоору 20 жылдан бери талкууланып келет

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолунун курулушу боюнча өкмөттөр аралык келишимге 2018-жылы, жайында кол коюлат. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги президент Шавкат Мирзиеёвдин чыгарган токтомуна таянып билдирди. 

Кытай менен Борбор Азияны байланыштырган темир жолду куруу долбоору 20 жылдан бери талкууланып келет. Каттамдын ар кандай варианттары каралып анын ичинен Кытай аркылуу Кыргызстан менен Өзбекстанга андан ары Түркмөнстан, Иран өлкөлөрүнө чыгуу менен Түркиянын деңиз портуна өтүү каралган.

Мирзиёев өз токтому менен Өзбекстандын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча комплекстүү программасын жана 2018-2022-жылдардагы тышкы соода боюнча жүк ташуу маршруттарын кеңейтүүнү бекиткен.

"2018-жылдын башталышында аталган долбоор боюнча үч тараптуу жумушчу топтун жыйынын өткөрүү каралууда. Ошондой эле кийинки жылдын биринчи жарымына чейин "өкмөттөр аралык келишимди даярдоо жана кабыл алуу" пландалып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Мирзиёев сентябрь айында ошол кездеги Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуусунда темир жолдун курулушун эретрээк баштоого ынтызарлыгын билдирген.

Тема боюнча

Атамбаев: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга насыя алуу керек
Жээнбеков: Россия жана Кытай менен мамилени бекемдейбиз
Белгилер:
темир жол, келишим, Өзбекстан, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ