MegaCom компаниясы ортомчулар аркылуу сатылышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековМегаком компаниясыны сайты. Архив
Мегаком компаниясыны сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин да компанияны сатуу боюнча бир нече аукцион өткөрүлгөн

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Өкмөт башчы Сапар Исаков 100 күндүк ишине арналган маалымат жыйында "Альфа Телеком" ЖАКты ортомчулар аркылуу сатуу пландалып жатканын билдирди.

"Компанияны сатыш үчүн чет элдик компанияны жалдоо чечимин кабыл алдым. Эки түрү бар: IFC (Дүйнөлүк банктын тобуна кирген эл аралык финансы корпорациясы) жана дагы бир компания бар. Алар компаниянын чоо-жайын иликтеп, аны сатуу менен алектенет. Эгер мамлекеттин колунан келбесе ортомчулар аркылуу ишке ашырабыз", — деди Исаков.

Өкмөт башчы ошондой эле сүйлөшүү учурунда компаниянын наркы кайтадан бааланышы мүмкүндүгүн айтты.

Ознакомление с деятельностью горнодобывающей компании Kumtor Gold Company Сапаром Исаковым - Sputnik Кыргызстан
Исаков: "Кумтөр" боюнча популисттик чечим кабыл алгым келбей жатат
100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү болгон уюлдук оператор аукционго 2016-жылы февралда 19 миллиард сомдук баа менен коюлуп, бирок сатылбай калган. Кайра май айында аукционго чыгарылып, арыз келип түшпөгөндүктөн кийинкиге калган. Анын айынан ошол убакта Мамлекеттик мүлк фондун башкарып жаткан Алмаз Кадыркулов кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Кийинки аукцион декабрга пландалып, уюлдук оператор 14 миллиард 255 миллион 250 миң сом деп бааланган. Ал аукцион да ишке ашпай калган.

2017-жылдын июнь айына кезектеги аукцион белгиленип, компаниянын баштапкы баасы 13,5 миллиард сом деп бааланган. Бирок аукционго катышуу үчүн бир дагы арыз түшкөн эмес.

Ал эми сентябрдын аягында аталган уюлдук компанияны РФ жараны Елена Нагорная сатып алуу ниетин билдирген. Россиялык ишкер айымдын койгон талаптары эрежелерге туура келбегендиктен ага да сатылбай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0