Баткенде мөмө-жемиш сактоочу логистикалык борбор пайдаланууга берилди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОткрытие сельскохозяйственного логистического центра
Открытие сельскохозяйственного логистического центра - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары жергиликтүү дыйкандар менен багбандар мөмө-жемиштерин жазга чейин бул борбордо сактаса болот

БАТКЕН, 5-дек. — Sputnik. Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында экспортко багытталган айыл чарба продукциясын сактоочу логистикалык борбор ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ага ылайык, аталган жай ЕАЭБдин талаптарына толук жооп берет.

"Борборду курууга 9 миллион сом жумшалган. Жыл сайын Кадамжай районунда 23 миң тоннага жакын мөмө-жемиш өндүрүлөт. Эми жергиликтүү дыйкандар менен багбандар апрель, май айларына чейин бул жайда мөмө-жемиштерин сактаса болот", — деп айтылат маалыматта.

Деятельность ОсОО Ат-Башы-Сүт в селе Ат-Башы Ат-Башинского района - Sputnik Кыргызстан
Баткенде сүт азыктарын кайра иштеткен чакан ишкана ачылды
Борбор эл аралык уюмдун каржылык колдоосу менен курулган.

Аны ишке берүү салтанатына айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган аткаминерлер менен жергиликтүү тургундар катышкан.

Мурашев айыл чарба тармагына багытталган ишканаларды ачууну каалаган жеке ишкерлерге мамлекет тараптан жеңилдетилген насыялар жана ар тараптуу колдоолор болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0