Кара-Кече кенине 15 миллион сомго чоң машиналар алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековУгольное месторождение Кара-Кече
Угольное месторождение Кара-Кече - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декабрь айынын ортосунда чиркегичи бар "Тонар" үлгүсүндөгү дагы төрт машина келет

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы 15 миллион сомго көмүр кенинде иштетүү үчүн HOWO үлгүсүндөгү төрт самосвал сатып алды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Ага ылайык, ар бир самосвал 10 тоннага чейин жүк көтөрө алат.

"Техника 3-декабрда Кыргызстанга алып келинип, дароо эле Нарын облусундагы Кара-Кече кенине жөнөтүлгөн. "Кыргызкөмүр" ишканасынын кызматкерлеринин айтымында, бул техника тоо шарттарында жакшы иштей турганын буга чейин тастыктаган. Жаңы техника кен казуу, анын үстүндөгү жер кыртышын алууда ишти бир топ жеңилдетет", — деп айтылат маалыматта.

Раздача угля малоимущим семьям Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Нарындагы көмүрдүн наркы жөнгө салынып, баасы төмөндөдү
Декабрь айынын ортосунда чиркегичи бар "Тонар" үлгүсүндөгү дагы төрт машина келет.

Бишкек ТЭЦин жана катардагы жарандарды көмүр менен убагында камсыз кылуу үчүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу боюнча мамлекеттик комитети "Кыргызкөмүр" ишканасы менен биргелиликте техниканы жаңылоо аракеттерин көрүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0