Нарындагы көмүрдүн наркы жөнгө салынып, баасы төмөндөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековРаздача угля малоимущим семьям Бишкеке
Раздача угля малоимущим семьям Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан жеке ишкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Нарын шаарынын борбордук базарында жеке ишкерлер тарабынан сатылып жаткан көмүрдүн баасы жөнгө салынууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нарын облусундагы бөлүмү шаардагы ишкерлердин аракетин тескеп жатат.

"Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизовдун тапшырмасына ылайык, Нарын шаардык мэриясы жана Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нарын облусундагы бөлүмү тарабынан 27-28-ноябрда базарда көмүр саткан жеке ишкерлер менен жеринде жолугушуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада 250 сомдон сатылып жаткан 1 кап көмүрдүн баасы 200 сомго түшүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, көмүрдүн баасынын өсүү темпин басуу жана калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында өкмөт тарабынан 2017-жылдын 16-ноябрында №745 токтому кабыл алынган. Анын негизинде өлкө аймагында көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлөт.

Баш ооруткан акысыз көмүр. Майыптар менен пенсионерлер өкмөттүн отунуна нааразы - Sputnik Кыргызстан
Баш ооруткан акысыз көмүр. Майыптар менен пенсионерлер өкмөттүн отунуна нааразы
Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нарын облусундагы бөлүмүнүн башчысы Данияр Үсөновдун маалыматына ылайык, учурда ар бир аймакта көмүр кенинен чыккан баасы, жол чыгымдары, пайдасы эсептелинип көмүр баасы бекитилип жатат. Бекитилген баадан кымбат саткан ишкерлерге административдик жана башка тийиштүү чаралар көрүлөт.

Учурда Нарын шаарында көмүрдүн тоннасы 3300-3500 сомдон, бир мүшөгү 180-200 сомдон сатылууда.

Нарын облусунун башка райондорунда көмүр канчадан сатылып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0