Кыргызстан билим берүү тармагын жакшыртууга 30 миллион доллар грант алат

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөгү 3000дей мугалимдин кесипкөйлүгүн жогорулатуу пландалууда

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда кесиптик жана техникалык билим берүүнү жакшыртууга 30 миллион доллар грант алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мектепте сабак учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын жаш мугалимдерине сынак жарыяланды
Билдирүүгө караганда, кесиптик окуу жайларда билим ала тургандардын саны көбөйтүлүп, 3000дей мугалимдин кесипкөйлүгү жогорулатылат.

Андан сырткары, жумуш ордунан билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү, жеке тараптар менен окуу жайлардын кызматташуусун жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлөт.

Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0