Нарында соода-логистикалык борборун куруу үчүн 200 гектар жер бөлүндү

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЛогистикалык борбор. Архив
Логистикалык борбор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борборду курууга чет элдик инвесторлор тартылат

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Нарында индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу үчүн 200 гектар жер бөлүнүп берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Макеевский комбинат детского питания в Донецкой области - Sputnik Кыргызстан
Адис: Кыргызстанда сүт арзандашы мүмкүн, бирок ишкерлер сызга отурат
Билдирүүгө ылайык, борбор премьер-министр Сапар Исаков кол койгон токтомдун негизинде Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагына салынат.

Мекеме аймактын өнөр-жай, кайра иштетүү, агроазык-түлүк секторун жана транспорттук-логистикалык инфраструктурасын, айыл чарба жана өнөр-жай товарларын экспорттоону жогорулатуу аркылуу аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында курулат.

Борбор соода, логистикалык жана индустриалдык зоналардан туруп, аны курууга чет элдик инвесторлор тартылат. Анын арты менен 3000дей жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0