Россиянын өкмөтү Кыргызстандын карызын кечүү келишимин жактырды

Жазылуу
Карызды кечүү боюнча келишимге Алмазбек Атамбаевдин июнь айында Москвага болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Россиянын өкмөтү Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечүү боюнча келишимди жактырды. Өкмөттүн тийиштүү токтому укуктук маалымат порталына жарыяланган.

Москва менен Бишкек 2012-жылы 500 миллион доллар карызды жөнгө салуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол койгон. Документте карыздын бир бөлүгүн, тагыраагы 188,9 миллион долларды келишим күчүнө кирген күндөн тарта жоюу каралган. Ошондой эле карыздын экинчи бөлүгү 2016-жылдан тарта 10 жыл ичинде төлөнүп бүтчү 300 миллион долларды дагы кечүү каралган.

Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы - Sputnik Кыргызстан
25 жыл ичинде Кыргызстандын карызы 770 эсеге өстү. Өлкөнүн бересеси тууралуу
Ноябрь айынын башында Кыргызстандын парламенти Россияга болгон карыздын акыркы бөлүгүн (240 миллион доллар) жоюу боюнча токтомду ратификациялаган.

Карызды кечүү боюнча келишимге Алмазбек Атамбаевдин июнь айында Москвага болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган.

Эми аталган документти Россиянын Мамлекеттик Думасы карап чыгышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0