Мигранттар 9 айда Кыргызстанга канча акча которду. Статистика

© AFP 2023 / HOANG DINH NAMАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражаттардын басымдуу бөлүгү Россиядан келген

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында чет өлкөдө иштеген мигранттар Кыргызстанга 1 миллиард 840,65 миллион доллар которгон. Бул туурасында Улуттук банк маалымдайт.

Права водителя автомашины - Sputnik Кыргызстан
КР жарандарына Россияда өз күбөлүгү менен машина айдоого тыюу салуу сунушталды
Өткөн жылдын январынан сентябрь айына чейин мигранттар 1 миллиард 465,89 миллион доллар которгон болчу. Муну менен быйыл өлкөгө которулган акчанын көлөмү 275 миллионго көбөйгөнүн байкоого болот.

Каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядагы мигранттардан келген. Тагыраак айтканда, 1 миллиард 805,64 миллион доолар (2016-жылы ушул аралыкта 1 миллиард 424,48 миллион) которулган. Калганы башка алыскы өлкөлөрдөн жана Казакстандан жөнөтүлгөн.

Маалыматтар боюнча чет жакта миллинго чукул кыргызстандык эмгектенет. Алардын 80 пайызга жакыны Россияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0