Бишкекте мыйзам бузган акча алмаштыруу жайлары айыпка жыгылды

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүПункт обмена валют
Пункт обмена валют - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банк тарабынан мыйзамсыз иштеген жети акча алмашыруу жайы аныкталган

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik.  Борбор калаадагы бир катар акча алмаштыруу жайлары мыйзам бузуу фактысы боюнча административдик жоопко тартылды. Бул туурасында Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.

Акча алмаштыруучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте акчаны мыйзамсыз алмаштырган беш кишиге 500 миң сомдук айып салынды
Билдирүүгө ылайык, банктык мыйзамдарды бузуу фактысы боюнча калаадагы Абдрахманов көчөсүнүн №119, 150 үйлөрүндө жана Киев көчөсүндө жайгашкан беш акча алмаштыруу жайынын ар бирине 100 миң сомдон айып пул салынган.

Мындан сырткары, кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча, Абдрахманов көчөсүнүн №119 жана 144 үйлөрүндө жайгашкан эки акча алмаштыруу жайга 20 000 сомдон айып тагылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0