Кыргызстан туризмден канча акча тапты? 2017-жылдын башынан августка чейин

© Sputnik / Михаил ДудинЫсык-Көл жээги. Архив
Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов туризм сферасынын өнүгүшү тууралуу айтып берди

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын жайкы туристтик сезону жакшы өттү. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Жайкы туристтик сезон боюнча жагымдуу цифралар болду. Жарнамалык кампаниялар өткөрүлүп, маркетинг жаатында ийгиликтер жаралды. Биз Түркия, Германия жана КМШ өлкөлөрүндөгү ири туристтик иш-чаралардын бардыгына катышып жаттык. Берлинде өткөн көргөзмөдө 150 мамлекет өздөрүнүн тактайчаларын орнотушту. Кыргызстан алдыңкы 7 мамлекеттин катарына кирди", — деди Жаманкулов.

Департаменттин маалыматына караганда, биринчи жарым жылдын ичинде эле Кыргызстанга 1,971 миллион турист келген — алардын саны 349 миңге көбөйдү. Бул убакыт аралыгында өлкө бюджетине 38,778 миллион сом түшкөн. Бул былтыркыга (31, 063 млн. сом) салыштырмалуу 7,715 миллионго көп.

Укмуш кооз экен, кеттик!  Жалал-Абаддагы эс алуучу мыкты делген  10 жай - Sputnik Кыргызстан
Укмуш кооз экен, кеттик! Жалал-Абаддагы эс алуучу мыкты делген 10 жай
Чет элдиктерди кабыл алуудан түшкөн киреше 12,6 миллион долларга өсүп, 173,9 миллионду түздү. Ошондой эле туризм сферасына 6,878 миллион сом сарпталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,867 миллион сомго көп.

Туристтерди транспорттун бардык түрү менен ташуу аркылуу түшкөн каражаттын көлөмү 968 миллион сомго өсүп, 4,4 миллион сомду түзгөн. Былтыркы жылы бул көрсөткүч 3,45 миллион сом болчу.

Ал эми туризм жаатындагы чекене сатуудан түшкөн киреше 500 миллион сомго өсүп, 7,548 миллион сомду түзгөн.

Даяр тамак ташыган ишканалар жүгүрткөн акча 217 миллион сомго көбөйүп, 2,612 миллион сомго жеткен.

Анткен менен туристтик агенттиктердин кызмат көрсөтүүлөрү 1,7 миллион сомго кыскарып, 516,7 миллион сомду түзгөн. Курорттук санаторийлердин көрсөткүчү дагы кыскарган, тагыраагы 3,6 миллион сомго азайып, 208 миллион сомду түзгөн.

Мейманканалар менен убактылуу жашоочу башка жайлар дагы аз каражат алып келген. Киреше 185,2 миллион сомго кыскарып, 931 миллион сомдун айланасында.

Жаңылыктар түрмөгү
0