Казакстан: Кыргызстанга 300 миңден ашык жумуртка жөнөтүлгөн эмес

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүТоок жумурткасы. Архив
Тоок жумурткасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын айрым ЖМКлары 14-ноябрда Кыргызстандын ветеринардык кызматы Казакстанга 300 миңден ашык жумуртканы кайта кайтарды деп жазышкан

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Казакстандын айыл-чарба министрлиги Кыргызстан кайта жөнөттү деген жумуртка боюнча маалыматты төгүнгө чыгарганын Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазып чыкты.

"14-ноябрда айрым казак ЖМКларына Костанайдан Кыргызстанга жиберилген 302 400 даана жумуртка "Ак-Тилек" постунан Кыргызстандын ветеринардык кызматы тарабынан Казакстанга кайта жиберилди деп тарап кеткен маалымат чындыкка дал келбейт", — деп айтылат маалыматта.

Каптагы ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шампунь, ун жана маргарин. Кыргызстан Казакстандан кайсы товарларды көп алат
Ноябрь айында Костанай облусунан Кыргызстанга бир дагы жумуртка жөнөтүлбөгөнүн Жамбыл облусунун аймактык ветеринардык көзөмөл инспекциясы да билдирди.

Ага ылайык, Костанай облусунан жүктөлгөн 324 миң жумуртканын партиясы мамлекеттик чек арадан 5-октябрда өткөн. Анда аталган жумуртка "Бірлік — Ынтымақ-2008" ишканасы тарабынан Кыргызстан аркылуу Тажикстанга жөнөтүлгөн.

Жыл башынан бери Кыргызстандан Казакстанга жумуртка кайтаруу боюнча бир дагы факты катталбаганы маалыматта белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0