04:40 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
АКШ долларлары. Архив

Улуттук банк дагы 2,2 млн. долларды сатыкка чыгарды

© AFP / ROSLAN RAHMAN
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
60 0 0

Ушуну менен чет элдик валюта ноябрь ичинде үчүнчү ирет сатылып жатат

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Улуттук банк 2 миллион 250 миң доллар сатканы тууралуу маалымат мекеменин сайтына жарыяланды.

Доллар жана сом. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эскерте кетсек, 24-октябрдан бери башкы банктагы доллардын курсу 1,3 сомго кымбаттап, ушу тапта 69 сом 74 тыйынды түздү. Акча алмаштыруучу жайларда 70 сомдук чекке жакындап келе жатат.

Улуттук банк чет элдик валютаны буга чейин эки ирет сатыкка чыгарган. 8-ноябрда 19 миллион 450 миң доллар сатса, эки күндөн кийин 3,1 миллион доллар сатылган. Жалпысынан ноябрда 24,8 миллион доллар сатыкка коюлду.

Өлкөнүн башкы банкы интервенцияларды ар кыл себептен жүргүзүп келет, анын ичинде валюта курсун турукташтыруу да бар. Былтыр банк 192 миллион доллар сатып алса, 150 миллионго чукулун саткан.

Тема боюнча

Кыргызстанда бензин калбай калабы? Күйүүчү май рыногундагы дүрбөлөң
Доллар наркы 70 сомго жакындады! Атамбаев Улуттук банктын төрагасына тапшырма берди
Белгилер:
доллар, валюта, Улуттук банк
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ