Казакстандан жүктөлүп келе жаткан жумуртканы Кыргызстан артка кайтарды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПтицефабрика в Омской области
Птицефабрика в Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүктүн ЕАЭБдин талаптарына ылайыктуу документтери жок болуп чыккан

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Казакстандан келе жаткан 302 миң 400 даана жумуртка Кыргызстандын чек арасынан артка кайтарылды. Бул туурасында Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган ведомствонун инспекторлору жүктү "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайынан токтотушкан. Андагы жумурткалар Костанай облусунда чыгарылган казакстандык фирмага таандык болгон.

"Текшерүүнүн алкагында Кыргызстандын аймагына киргизилгени жаткан жумурткалардын ветеринардык доукменттери ЕАЭБдин талаптарына дал келбей турганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча жеринде акт түзүлүп, жүк кайра артка кайтарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0