Кыргызстанда бензин калбай калабы? Күйүүчү май рыногундагы дүрбөлөң

© Sputnik / Алексей Сазонов / Медиабанкка өтүүБензин кучуучу жай. Архив
Бензин кучуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир ай ичинде эле күйүүчү май орто эсеп менен бир сомго кымбаттады. Буга себепкер жагдайлар жана анын кесепеттери тууралуу серепчилер түшүндүрмө беришти.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда октябрь ичинде май куюучу жайларда баа өстү. Азыр АИ-95 болжол менен орточо 41,9 сом, АИ-92 — 39,6, ал эми дизель майы — 37,5 сомду түздү. Бул бир ай мурункудан дээрлик бир сомго кымбат.

Жакында эле маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун сөзүнө таянып, өлкөдөгү бензин бир-эки жумага эле жете турганын жазып чыгышты. Бирок андай маалымат дароо четке кагылган.

Кыргызстандын мунай ташуучулар биримдигинин билдирүүсүнө ылайык, бензиндин өлкөдө кеминде бир айга жетишерлик кору бар. Ал эми баанын жогорулашы казакстандык заводдун ремонттолушуна байланыштуу.

"Дүң баанын өсүшү Казакстанда суроо-талаптын күч алышы менен түшүндүрүлөт. Буга Павлодар мунай заводунун иши үзгүлтүккө учурашынан улам жаралган күйүүчү май таңкыстыгы себеп. Бул көрүнүштү жөнгө салуу үчүн май Россиядан алынып келип жатат", — деп билдиришти нефтетрейдерлер.

Ал уюмдун мурдагы төрагасы Жумакадыр Акенеевдин пикиринде, баанын өсүшүнүн дагы бир орундуу себеби бар – аткезчилик (контрабанда) менен ташып келүүнүн жолун бөгөө.

Угольное месторождение Кара-Кече - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан CRIRSCO стандартына өтүп жатат. Бул эмнени түшүндүрөт?
"Казакстан чек арада товар өткөрүүнү катаалдатты, мындан улам өлкөгө аткезчилик жол менен күйүүчү май келбей калды. Бул Кыргызстандагы баага таасир этти өңдөнөт. Мыйзамсыз жол менен негизинен дизелдик май алып келинчү, бирок бензин да оңой эмес көлөмдө ташылчу. Депутаттар мына ушундан улам айтып чыгышты окшойт. Бүгүн тактадык, биздеги бензиндин кору кеминде бир айга жетет", — деп билдирет ал.

Күйүүчү май баасынын өсүшүнө дүйнөлүк рыноктогу кырдаал да таасир этиши мүмкүн. Төрт күн мурун Brent үлгүсүндөгү мунай эки жылдан бери өзгөрүлбөгөн жогорку чегин жаңыртты: азыр баррели 64 долларга чыкканы айтылууда.

Экономист Нургүл Акимованын айтымында, Кыргызстандын бул жагдайга моюн сунуудан башка аргасы жок.

"Мунай – бул биржалык товар, баасы суроо-талап жана сунуштан көз каранды. Бул рынокто абаны ири өнөр жайчылардын (картелдердин) башкаруусунда, кээде алар жең ичинен (сүйлөшүүгө барышат. Негизи эле мунай саткан мамлекеттер аз. Алардын жүргүзгөн баа саясатынан башка өлкөлөрдөгү бензин наркы көз каранды", — деп билдирди ал.

Ошский рынок в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Унааны каттоо баасы үч эсеге арзандайт. Жаңы токтом долбоору
Акенеев мунайдын баасы эң кур дегенде эмки жылга чейин кескин жогорулабайт.

"Негизинен, баа жыл аягына чейин өспөөгө тийиш. Себеби, бензин баасы Россия менен чейрек жылда бир макулдашылат. Бул маселе жыл соңуна чейин чечилген", — деди ал.

КР Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети азыр РФтин Энергетика министрлиги менен Кыргызстанга автомобилдик майды үзгүлтүксүз ташып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0