Казакстан 100 миллион боюнча макулдашууну качан жокко чыгарарын айтты

© Sputnik / Болат Шайхинов / Медиабанкка өтүүЗаседание Совета министров иностранных дел ШОС в Астане
Заседание Совета министров иностранных дел ШОС в Астане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын улуттук экономика министирлигинин сайтында жайгашкан келишимди жокко чыгаруу долбоору боюнча мекемелер аралык макулдашуу боло элек

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргыз тарап Казакстандан ЕАЭБдин алкагында 100 миллион доллар жардам алуусу боюнча келишимди жокко чыгаруу маселесин казак тарап КР президенти Жогорку Кеңештин чечимине кол койгондон кийин гана карайт. Бул тууралуу Казакстандын ТИМ министринин орун басары Мухтар Тлеубердинин билдиргенин РИА Новости жазды.

Эске салсак, кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөрдөн кийин Кыргызстан парламенти Казакстандан келе турган 100 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамдан баш тартуу чечимин кабыл алган.

"Буга чейин Кыргызстандын ТИМинен келишимди жокко чыгарууну баштоо боюнча расмий нота келген. Кыргыз парламенти мыйзам долбоорун кабыл алды, эми ага өлкө президенти кол коюшу керек. Ошондо гана бизге расмий нота жөнөтүлүп, макулдашууну жокко чыгаруу процессин баштайбыз", — деди Тлеуберди.

Премьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Казакстан менен болгон көйгөйлөр жакында чечилет
Ал Казакстандын улуттук экономика министирлигинин сайтында жайгашкан келишимди жокко чыгаруу долбоору боюнча мекемелер аралык макулдашуу боло электигин айтты.

Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын ЕАЭБке кошулганына байланыштуу техникалык регламенттерди ишке ашырууга жардам иретинде 100 миллион доллар берүүгө макул болгон. Бирок акыркы айдагы эки өлкө арасындагы дипломатиялык тирешүүдөн улам Кыргызстан келишимди жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0