КР нефтетрейдерлери Россияда күйүүчү май кымбаттап жатканын айтып коңгуроо какты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүРабота автозаправочной станции в Екатеринбурге
Работа автозаправочной станции в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан берки 10 айда Россиядан Кыргызстанга 818,7 миң тонна мунай зат импорттолгон

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы Россияда күйүүчү-майлоочу майдын баасы кымбаттап жатканы туурасында билдирүү таратты.

Белгилей кетсек, Россиядан Кыргызстанга 2017-жылдын 10 айында 818,7 миң тонна мунай зат импорттолгон. Анын ичинен 367,5 тонна бензин, 451,2 тонна дизель майы алып келинген.

"Соңку учурларда Россия рыногунда мунай продуктуларынын дүң баасы жогорулаганы байкалат. Мунун себеби мунай чыгарган заводдордогу күзгү оңдоо иштерине байланыштуу мунай өндүрүүнүн көлөмү кыскаргандыгында. Мындан сырткары, дүйнөлүк рынокто мунай заттын баасы жогорулаганы да себеп болгон", — деп айтылат.

Ошондой эле Казакстандын Павлодар шаарындагы мунай өндүргөн завод иштебей, дизель майына муктаждык көбөйгөндүктөн коңшу өлкө тараптан суроо-талаптын күчөгөнү таасир бергени айтылат.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы учурда өлкөдө бензиндин кору 30 күнгө, дизель майыныкы 20 күнгө чейин жете турганын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0