Унааны каттоо баасы үч эсеге арзандайт. Жаңы токтом долбоору

Жазылуу
Унааларды каттоо боюнча токтомдорго пландалып жаткан өзгөртүүлөр киргизилип калса, айдоочулар унааны менчиктештириш үчүн мурдагыдан эки эсе аз акча төлөп калышат

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Унааны кайра каттоонун баасын азайтуу боюнча токтом долбоору Мамкатоо кызматы тарабынан иштелип чыгып, министрликтерге макулдашууга жиберилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Усейин Касмалиев билдирди.

Эскерте кетсек, ушул күнгө чейин жолдогу көзөмөл камераларына катталган эреже бузуулар үчүн айып кагаздары унаанын алгачкы ээсине барып жатканы боюнча нааразычылыктар болуп келген.

Ошондой эле жол кырсыктарына катышкан же себеп болгон унаалардын дагы чыныгы кожоюнун табуу милиция үчүн көйгөй жаратып келет.

"Айдоочулар оңоюна качырып жаңы алган унааны өзүнө каттатпай, ишеним кат менен айдап жүрүшөт. Аларды дагы түшүнсө болот. Анткени ишеним каттын баасы арзаныраак жана аз убакыттын ичинде даяр болот. Мисалы, орто эсеп менен алганда ишеним катты 700 сомдон 1500 сомго чейин алсаң, кайра каттоого 2,5-3 миң сомдой беришиң керек", — деди Касмалиев.

Анын айтымында, кайра каттоонун баасы кымбат болуп жатканынын бир нече себептери бар.

"Өкмөт кайра каттоонун баасын ишеним каттыкы менен тең болбосо дагы ошого жакыныраак кылгыла деп тапшырма берди. Иликтеп көрсөк баага мамлекеттик номердин акысы, бюджетке түшө турган жыйымдар себеп болуп жатыптыр. Жыйымдар боюнча айтсак, алгачкы каттоодо унаанын базардагы орточо баасынын беш пайызы, кайра каттоодо бир пайызы алынат", — деп түшүндүрдү Касмалиев.

Маалыматка караганда, жаңы иштелип жаткан токтомдо бир пайыздык төлөмдү 0,3 пайызга түшүрүү маселеси каралууда. Жалпак тил менен айтканда, бир пайыздык жыйым унаанын чыккан жылына, кубаттуулугуна жана тарифтик торчонун негизинде орточо эсеп менен 1-1,2 миң сомго жетет. Эгер жаңы токтом кабыл алынып калса, бул төлөм 300 сомдун тегереги болуп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0