БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде 5-декабрда кыргыз товарларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.
"Анын алкагында коноктор Кыргызстандан экспорттоло турчу товарлардын үлгүлөрү менен таанышып, ишкердик жаатында сүйлөшө алышат", — деп айтылат маалыматта.
Көргөзмө-жарманкеде Кыргызстанда өнүдүрүлгөн азык-түлүк жана арак-шараптар коюлат. Андан сырткары, кол өнөрчүлөрдүн жасаган буюмдары дагы болот.
Аталган иш-чара элчиликтин конок үйүндө өтөт.