Бишкек менен Пекиндин аба бекеттери достошту. Кандай пайда алып келет?

Жазылуу
Эки тараптуу жолугушуулардын алкагында "Бир алкак — бир жол" долбоорун ишке ашыруу дагы сүйлөшүлгөн

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. "Манас" аэропорту менен Пекиндеги "Шоуду" аба майданы достук мамилени орнотконун Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ала-Букадагы "Бозумчак" кенинин иши жанданды
Тиешелүү меморандумга Пекинде кол коюлуп, "Манас" аба майданы Борбор Азия боюнча Пекиндин аэропорту менен достук мамиледеги жалгыз аба бекети болуп калды.

Муну менен катар эки тарап тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз адистери Кытайда окутула турган болду. Ошондой эле биргеликте иш алып баруунун алкагында "Бир алкак — бир жол" долбоорун ишке ашыруу дагы сүйлөшүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0