Атамбаев Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Алмазбек Атамбаев принял МИД Узбекистана Абдулазиза Камилова
Президент КР Алмазбек Атамбаев принял МИД Узбекистана Абдулазиза Камилова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сентябрда Бишкекке Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев келсе, бир айдан соң Ташкентке кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев барган.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жекшемби күнү Өзбекстан ТИМ жетекчиси Абдулазиз Камиловду кабыл алып, эки тараптуу маселе талкууланды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматына кабарлашты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара алакалары, аларды өнүктүрүү жолдору талкууланган.

Маалыматта тараптар буга чейин болгон эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунан кийин түзүлгөн келишимдин акыбетин сүйлөшкөн. Мындан сырткары транспорт, туризм жана соода-экономикалык тармакта кызматташууга маани берүү белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0