Казак премьери Сагинтаев Исаковго жооп берип Кыргызстанга 5 шарт койду. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание Евразийского совета глав правительств ЕАЭС в КР
Заседание Евразийского совета глав правительств ЕАЭС в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев кыргызстандык кесиптеши тарабынан негизсиз сын айтылганын билдирди

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Казакстандын премьер-министр Бакытжан Сагинтаев Өзбекстанда өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча Кыргызстанга беш талап койду.

Анын алдында өкмөт башчы Сапар Исаков Казакстанды сынга алып, коңшу өлкө соода келишимдерин бузуп жатканын белгилеген. Ага мисал келтирип учурда өткөрмө бекетинде жүк ташуучу 500-600гө чукул унаа чек арадан өтүү үчүн кеминде 5 күн кезек күтүп турганын айткан.

Өз кезегинде Сагинтаев кыргызтандык кесиптеши тарабынан айтылган сын негизсиз деп баалады.

"Биз кыргыз өкмөтүн өзүнүн милдеттерин жана ЕАЭБдин алкагында иш жүргүзүп жатканын тастыктап берүүсүн сурайбыз. Бул теманы ачык айтып жана үнүбүздүн жетишин каалайбыз", — деди Сагинтаев.

Ал казак өкмөтүнүн сунушун кыргыз тарап конструктивдүү позицияда кабыл аларына ишенерин айтып төмөнкү шарттарды белгиледи.

  • Кыргызстандын салык башкаруучулук боюнча мыйзамдарын ЕАЭБдин укутарына ылайык иреттештирүүсү;
  • Мыйзамсыз экспортко каршы аракеттерди көрүү;
  • Кыргыз тараптан товарлардын ЕАЭБдин талаптарына ылайык ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык (карантиндик) көзөмөлдөрдү натыйжалуу жүргүзүү;

  • ЕАЭБдин транспорттук мыйзамдарын бузгандарга Кыргызстан тараптан чараларды көрүү;
  • Кыргыз-казак чек арасынан баңгизат, курал-жарак, ок-дары сыякуу контрабандалык жана мыйзамсыз товарларды өткөрбөө.

Сагинтаев ушул нормалар аркылуу Казакстан өзүнүн улуттук кызыкчылыгын, ошол эле учурда ЕАЭБ мейкиндигинде экономикалык коопсуздукту сактоого боло турганын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0