Кыргызстан CRIRSCO стандартына өтүп жатат. Бул эмнени түшүндүрөт?

© Sputnik / Табылды КадырбековУгольное месторождение Кара-Кече
Угольное месторождение Кара-Кече - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
CRIRSCO эл аралык системасына буга чейин Монголия, Казакстан жана Кытай мамлекеттери өткөн

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстан минералдык ресурстарды иштетүү боюнча эл аралык CRIRSCO системасына өтүп жаткандыгын Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

31-октябрь күнү Индонезияда мамкомитет, "Кыргызстан тоо-кен ассоциациясы" бирикмеси жана Минералдык сырьелор боюнча отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча комитетинин (CRIRSCO) ортосунда биргелешип иштешүү боюнча меморандумга кол коюлду.

Кыргызстан тоо-кен ассоциациясынын президенти Ишимбай Чунуев бул кадам замандын талабы экенин айтат.

"Ушул тапта тоо-кен тармагындагы бардык запастардын 90-95 пайызы Совет доорунда иштелип чыккан ГКЗ системасы боюнча бааланып жатат. Ал ири инвесторлор үчүн ыңгайсыз. Кыргызстанга келген инвесторлор запастарды кайрадан өздөрү санап чыгууга мажбур болушат, башкача айтканда, эки жумуш кылышат", — деди Чунуев.

Бул меморандум тоо-кен байлыктарын баалоо боюнча кыргызстандык адистердин коомчулугун түзүүгө түрткү болот.

"Эгер биз кен байлыктарды саноо боюнча өзүбүздүн системабызды түзүп, байлыктарыбызды эл аралык стандартта өзүбүз санай алсак, кендерибиздин баасы 2-3 эсеге өсөт. Андан соң бизге ири инвесторлор жана дүйнөлүк банктар олуттуу мамиле кыла баштайт", — деди Чунуев.

CRIRSCO эл аралык системасына буга чейин Монголия, Казакстан жана Кытай мамлекеттери өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0