БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Улуттук банктын билдирүүсүндө кыргызстандыктардын колдогу акчасы азая түшкөн.
1-октябрга карата калктын колунда сакталган каражаттын көлөмү 87 миллиард 771,1 миллион сомду түзгөн. Бул көрсөткүч 1-сентябрга салыштырмалуу 400 миллион сомго кыскарганын көрсөтөт.
Ал эми 2016-жылдан бери элдеги акчанын көлөмү болжол менен 20 миллиард сомго өскөнү айтылат.