Өкмөт "Таза Коомду" ишке ашырууга "Майкрософт" сыяктуу компанияларды тартат

© REUTERS / Lucy NicholsonMicrosoft компаниясынын логотиби. Архив
Microsoft компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр түрдүү трамактарды санарипке өткөрүү боюнча долбоорлор бар экенин айтты

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков "Майкрософт" жана "Ассеко" компанияларынын өкүлдөрү менен жолугуп, "Таза Коом" улуттук долбоорун биргеликте ишке ашыруунун жолдорун талкуулаганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр учурда өкмөт аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча батыл аракеттерди көрүп жатканын, анын максаты санарип экономикага өтүү экенин баса белгиледи.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Таза коом маалыматтык киоскилеринин иши менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
Нарындыктар "Таза коом" маалыматтык киоскилерин пайдалана баштады
Өкмөт башчы, андан сырткары, бир катар ири долбоорлор бар экенин, аларды ишке ашырууда ири чет элдик компаниялар тартыла турганын айтты. Исаков өзгөчө долбоорлордун бири санарип медицинага өтүү экенин билдирди.

Премьер "Майкрософт" жана "Ассеко" компанияларын жогорудагы долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

"Ассеко" компаниясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Станислав Бузала бир тармакты автоматташтыруу боюнча башка мамлекеттерде тажрыйбасы бар экенин айтып, Чыгыш Европада жүзөгө ашырылган иштери менен тааныштырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдарга жогоруда айтылган долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу жолдорун карап чыгуу тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0