Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй... ЕАЭБ Казакстандын айынан 1 млрд. доллар жоготтубу?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан менен Казакстандын чек арасында кезекте турган унаалар. Архив
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында кезекте турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз өкмөтүнөн Казакстандын премьер-министринин айыптоосу негизсиз дешти

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөр Казакстандын айынан бир миллиард доллар жоготту. Бул туурасында КРдин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн жыйында айтты.

25-октябрда Ереванда өткөн ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири жыйынында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргызстандын бажы тармагын күнөөлөп, ишти начар жөндөп жатат деген.

Министр экономики Кыргызстана Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан
Новиков чек арадан жапа чеккен ишкерлердин чыгымы эсептелип жатканын айтты
Сагинтаевдин айтымында, Кытайдын товарларын импорттоо динамикасынын анализи Кыргызстандан башка өлкөлөрдө төмөндөгөнүн көрсөткөн. Кыргызстан Кытайдан 2,6 миллиард долларга товар импорттогон делген маалымат тараган болсо, Кыргызстандын маалыматы боюнча 900 миллион долларлык товар импорттолгон.

Казак өкмөтүнүн башчысы ЕАЭБдин бюджети мындан улам миллиарддаган долларларды жоготуп жаткандыгын жана мындан улам казак тарап чек арада көзөмөлдү күчөткөндүгүн айткан.

Ниязалиев Казакстан өкмөт башчысынын билдирүүсүн негизсиз деп атап, эгерде алардын ыкмасы менен санай турган болсо Казакстандан да бир топ акчалай чыгым болуп жатканын билдирди.

"2016-жылы Кыргызстандын коңшу Кытай менен алакасынын статистикасынын ортосундагы ажырым 4,1 миллиард долларды түзгөн. Ушул эле учурда Казакстанда бул көрсөткүч 4,6 миллиард долларга жеткен. Эгерде мындай ыкма менен Казакстан келтирген чыгымды эсептей турган болсок, миллиард доллардан ашып кетет", — деди кыргыз Бажы кызматынын жетекчиси.

Ал арада кыргыз өкмөтү Казакстандын премьеринин билдирүүсүнө комментарий берди. Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, Сагинтаев бажы төлөмдөрүнүн чыгымын эсептеген механизмди так айтпай жатат. Алар Казакстан жоготууларды кандай ыкма менен санагандыгын түшүндүрүп беришти.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: бир кишинин айтканынан көз каранды биримдик ишенимдүү болбойт
"Эгерде бажы төлөмдөрүнүн жоготуулардын Кытайдан келген импорттун көлөмүнө бажынын орточо ставкасын көбөйтүп эсептешсе, бул туура эмес жана негизсиз болуп калат. Муну менен катар эле Казакстандагы импорттун көлөмүнө карата бөлүп карай келгенде, киргизилген товарлардан алына турган төлөмгө "көмүскө импорт" схемасын пайдалануудан улам болгон жоготуулардын санынан ЕЭАБдин жалпы бюджетине үч жылдын аралыгында 1 миллиард доллардан ашык чыгым келген", — деп билдиришти.

Чек арадагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралган. Астананын маалыматында бул "көмүскө" импортко бөгөт коюу үчүн жасалып жатат деп айтылган. 18-октябрь күнү премьер-министр Сапар Исаков Астанага барып жүргүнчүлөр автобустарын, жеңил автолор менен жүк ташуучу унааларды кое берүү боюнча макулдашкан. Анткен менен жүк ташыган ири автоунаалар адатынча эле узун кезектерде турат.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт аралык кеңешинин 25-октябрда Арменияда болгон жыйынында Казакстан делегациясы Кыргызстан менен "жол картасына" кол коюудан баш тартты. Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев КРдин Бажы кызматына күнөө артып, ишти жөндөй албай жаткандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0