Нарын шаарында февралда сүттү кайра иштетүүчү завод пайдаланууга берилет

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүПроизводство молочных продуктов в Иванове
Производство молочных продуктов в Иванове - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүттү кайра иштетүүчү завод Нарын шаарында төрт айдын аралыгында курулуп, 2018-жылдын февраль айында ишке берилип калат.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Нарында сүттү кайра иштетүүчү завод курулары күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга Кыргызстандын сүт азыктарын ташууга тыюу салынды
Билдирүүгө ылайык, бул маселе Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун "Үмүт и Ко" ЖЧКсынын башкы директору Кайрат Абдуллаев менен жолугушуусу учурунда көтөрүлгөн. Анда облус башчысы калктын басымдуу бөлүгү мал чарбасы менен алектенерин айтып, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү багытында ишканаларды куруу пландалганын белгиледи.

Ал эми Абдуллаев заводдун курулушуна болжол менен 80-90 миллион сом каражат жумшаларын айтып, ал жактан бир күндө 150 тоннага чейин сүттү иштетүүгө мүмкүн экенин кошумчалады.

Сүттү кайра иштетүүчү завод Нарын шаарында төрт айдын аралыгында курулуп, 2018-жылдын февраль айында ишке берилери маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0