Кыргызстанда мамлекеттик лотереяны кореялык компания ойнотмой болду

© AFP / JOEL SAGETЛотерея шарлары. Архив
Лотерея шарлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Nanum Lotto Co компаниясынын тендердик сынакка катышуусу Корея өкмөтү менен макулдашылган

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Лотереялык билеттерди чыгаруу боюнча тендерди кореялык Nanum Lotto Co, Ltd компаниясы утуп алгандыгын Мамлекеттик лотерея компаниясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Тендерге Кыргызстандан "Астра Клуб" ЖЧКсы, Сербиядан Elbet d.o.o. жана Түштүк Кореядан Nanum Lotto Co, Ltd компаниялары катышкан. Nanum Lotto Co, Ltd — белгилүү Eugene ("Юджин") корпорациясынын курамына кирген ишкана. 2016-жылы анын айлантуудагы акчасы 23,5 миллиард долларга жеткен.

"Nanum Lotto Co компаниясынын тендердик сынакка катышуусу Корея өкмөтү менен макулдашылган. Бул ишкана дээрлик коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет. Билеттердин сатылышынан түшкөн акчанын бир бөлүгү Кыргызстанда кайрымдуулукка жумшалат", — деп айтылат билдирүүдө.

США приостанавливают выдачу неиммиграционных виз в России - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга мигранттар которгон каражат быйыл 320 миллион долларга өстү
Шарт боюнча Nanum Lotto Co, Ltd компаниясы Кыргызстанда юридикалык тарап катары каттоодон өтүшү зарыл. Анын борбордук кеңсесинде 50дөн ашуун адам жумуш менен камсыз болот. Ал эми республика боюнча 400дөн ашуун сатуу жайлары ачылып, анын ар биринде 2-3төн адам иштейт.

Ошондой эле "Лотерея тууралуу" мыйзамга ылайык аталган компания спорт, маданият, искусство, билим берүү жааттарына колдоо көрсөтүү максатында ачылган фондго акча которуп туруусу керек. Ошол себептүү кызматташуу учурунда компания фондго үч миллиард сом которууну пландап жатат", — деп айтышты компаниядан.

Алгачкы жылы бул ишканадан, салыкты кошкондо мамлекет бюджетине 359,4 миллион сом түшөрү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0