Кыргызстан тоо-кен тармагынын ачык-айкындыгы үчүн эл аралык сыйлыкка татыды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗолоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области
Золоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан отчеттердун ачыктыгын камсыз кылган мыйзам нормаларын киргизген

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстан тоо-кен тармагынын ачык-айкындыгы үчүн эл аралык сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Мамлекеттик өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу агенттиги билдирди.

Сыйлыкты тапшыруу салтанаты 23-ноябрда Жакарта (Индонезия) шаарында бенефициардык укук темасына арналган конференциянын жүрүшүндө тапшырылган.

"Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу агенттигинин жетекчиси Уланбек Рыскуловго аталган сыйлыкты Кен иштеткен тармактык ачыктыгынын демилгелери башкаруучулугунун төрагасы Фредерик Рейнфелд тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Куруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга зарыл, бирок жок кесиптер. Кайсы тармак эмнеден аксайт?
Кыргызстан отчеттердун ачыктыгын камсыз кылган мыйзам нормаларын киргизген.

Кен иштеткен тармактык ачыктыктын демилгелери — өлкөнүн нефть, газ, минералдык ресурстарын башкаруунун глобалдык стандарты. Аталган стандарт өкмөт тарабынан компания жана жарандык коомдун катышуусу менен ишке ашырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0