Сооронбай Жээнбеков Путиндин кеңешчиси менен ЕАЭБ тууралуу сүйлөштү

© Фото / Facebook / Сооронбай ЖээнбековЛидирующий в президентской гонке Сооронбай Жээнбеков
Лидирующий в президентской гонке Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык интеграция процесстерин өнүктүрүү боюнча пикир алмашылган

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Мамлекет башчылыгына бара жаткан Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-октябрда Россиянын президентинин Евразиялык интеграция маселелери боюнча кеңешчиси Сергей Глазьев менен жолугушту. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбековдун Facebook тармагындагы расмий баракчасына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, Глазьев Кыргызстандын ЕАЭБге болгон интеграциясы ийгиликтүү улана турганына ишенимин билдирген.

“Россия менен Кыргызстандын ортосунда ЕАЭБдин алкагында достук мамилелер түзүлүп жатканына абдан кубанычтамын. Кыргызстан дайыма боордош жана дос өлкө болгон, ошол бойдон кала берет. Интеграциянын алкагында болуп жаткан айрым көйгөйлөрдү биргелешип чечебиз деген үмүттөмүн. Президент Владимир Путин үчүн стратегиялык өнөктөштөрдүн бири болгон Кыргызстандын ЕАЭБге активдүү интеграция болуусу абдан маанилүү”, — деди Глазьев. 

Россиянын жана Кыргызстандын президенттери Владимир Путин жана Алмазбек Атамбаев Москвада жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Путин менен ЕАЭБ маселелерин талкуулады
Жолугушууда ЕАЭБдин азыркы шарттардагы өнүгүүсү талкууланган. Ошондой эле биримдикке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык интеграция процесстерин өнүктүрүү боюнча пикир алмашылган.

Сергей Глазьев Бишкекке “ЕАЭБ шарттарындагы ишкерликти өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышууга келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0