"Түндүк электр" тогуз ай ичинде калктан канча акча чогултканын жарыялады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүОплата коммунальных услуг
Оплата коммунальных услуг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түндүк электр" ишканасы 9 айлык отчетун чыгарган

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жыл башынан бери электр энергиясы үчүн "Түндүк электр" АККсы элден 5,6 миллиард сом чогултту. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 2017-жылдын тогуз айында "Түндүк электр" ишканасынын бөлүштүрүү тармагына 4,1 млрд. кВт.саат электр энергия келип түшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 412,8 млн. кВт.саатка көбүрөөк.

Ошондой эле ишкананын товардык продукциясы 5,3 миллиард сомду түзүп, анын 5,6 миллирад сому (105,6 пайыз) чогултулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0