Пензалык ишкерлер Кыргызстандын рыногуна кирүүгө кызыкдар

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүДары-дармек заводу. Архив
Дары-дармек заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизнесмендер бир катар ишканаларды кыдырып, кыргызстандык компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Соода байланышын түзүү максатында Кыргызстанга пензалык үч ишкананын өкүлдөрү келгенин Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Бизнесмендер Бишкекке шейшемби күнү, 3-октябрда келишкен.

"Соода-өнөр жай палатасынын программасына ылайык, ишкерлер жергиликтүү ишканалардын бир катарын кыдырып, бизнесмендер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бажы союзуна киргенден бери россиялык ишкерлердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу күч алды", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы ишкерлердин сапарын, мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштуруп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0