Өкмөт 2018-жылдын бюджетин жактырды. Алдыдагы үч жылдын божомолу

Жазылуу
Өкмөттүн божомолуна ылайык, бюджеттин тартыштыгы 2020-жылга чейин уланат.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Өкмөт "Кыргызстандын 2018-жылга карата бюджети жана 2019-2020-жылдарга карата божомол жөнүндөгү" мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

2018-жылга жана 2019-2020-жылдарга карата Кыргызстандын республикалык бюджети
Өкмөт 2018-жылдын бюджетин жактырды. Алдыдагы үч жылдын божомолу - Sputnik Кыргызстан
2018-жылга жана 2019-2020-жылдарга карата Кыргызстандын республикалык бюджети

Тийиштүү чечим 28-сентябрда кабыл алынган. Мыйзам долбоору менен каржы министри Адылбек Касымалиев тааныштырды. Анын айтымында, 2018-жылы гранттарды эске алуу менен киреше 142 миллиард 532 миллион доллар болот. Бул көрсөткүч мурдагы жылга караганда 12,4 пайызга, башкача айтканда 15 миллиард 703 миллион сомго көп.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алматылыктарды ыраазы кылуу же ЕАЭБден Кыргызстан эмне пайда көрдү
Тартыштыкты жабууга кийинки жылы 20 миллиард 267 миллион 100 миң сом каралган.

Ал эми 2019-жылы мамлекеттин киреше бөлүгү 142 миллиард 129 миллион 800 миң сом болору божомолдонсо, чыгаша 162 миллиард 339 миллион 300 миң сом болору айтылууда.

Каржы министрлигинин божомолу боюнча 2020-жылы мамлекеттин кирешеси 144 миллиард 599 миллион сом, чыгаша 164 миллиард 13 миллион 300 миң сомду түзөт.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0